20 октябрь, 3:58, Бишкек сааты
20 октябрь, 5:58, Куала-Лумпур сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
22 июля, 10:53

Малайзиядан келген мугалимдер Ысык-Көлдө кыргыз окуучуларына англис тилин үйрөтүшүүдө

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги мамлекеттер аралык достук мамилени чыңдоо, мектеп окуучуларынын кошумча билим алууга кызыгуусун арттыруу жана башка өлкөлөр менен мамиле курууга, алардын маданиятын үйрөнүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө үндөө, ошондой эле кыргыз өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо максатында уюштурган долбоору 20-июнда старт алды.

Долбоорго ылайык, өлкөбүздүн бардык райондорунан, Бишкек, Ош шаарларынан топтолгон 42 окуучу учурда Ысык-Көлдө жайкы эс алуу менен бирге билим алып, дүйнө таанымдарын арттырышууда. Бир аптага созулуучу бул долбоорго Малайзиядан келген англис тили мугалимдери менен мектеп окуучулары катышууда.

19-июлда иш-чарага катышуу үчүн Малайзиядан келген мугалимдер менен мектеп окуучуларын Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов “Манас” аэропортунан тосуп алды.

Малайзиялык коноктор жана кыргыз окуучулары 20-июлда  Президент Алмазбек Атамбаев окуган Арашан айылындагы орто билим берүү мектебинде болушту. Кылычбек Султанов баштаган топту мектеп жамааты, окуучулар тосуп алышты. Мектеп директору Сейдакмат Берикбаев алыстан келген окуучуларга мектеп боюнча экскурсия уюштуруп, мектептин музейи жана тарыхы менен тааныштырды.

Андан соң мугалимдер жана окуучулар Ысык-Көлдү көздөй сапар алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз окуучулары англис тилин, дүйнө маданиятын үйрөнүүдөн тышкары, “Рух-Ордо” комплексинде, Григорьев капчыгайында болушуп, Кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен кенен таанышышмакчы. 

 

 

Бардык жаңылыктар